Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаевдин камактагы мөөнөтү узарды


Жоомарт Карабаев сотто. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.
Жоомарт Карабаев сотто. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасы 19-августта Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот чечими менен анын камактагы мөөнөтү дагы бир айга, 19-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Акынбек Ногойбаев "Азаттыкка" билдирди.

Адвокаттын сөзүнө караганда, тергөө Жоомарт Карабаевдин Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кошумча комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза дайындады.

"Бирок эксперттерге коюлган суроолор эксперт-лингвисттерге тиешелүү эмес", - деди адвокат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Карабаевди 2-июлда суракка алган соң кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес.

Карабаев 1-июлдагы пикиринде жаратылыш кырсыктарына байланыштуу да пикирин бөлүшүп, Ноокаттагы селден жабыркагандарга жардамды өкмөттүн штабына тапшырбай, элге өз алдынча берүүгө чакырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG