Индиянын премьер-министри Моди Украинага барат

Нарендра Моди жана Владимир Путин. 2024-жылдын 8-июлу.

Индиянын премьер-министри, өткөн айда Орусияга барып, Владимир Путин менен жылуу мамиледе жолугушуу өткөргөнү үчүн Киевдин сынына кабылган Нарендра Моди Украинага барганы жатканын 19-августта бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Нью-Дели сапар кайсы күнгө пландалып жатканын так айткан жок, өкмөт башчы Польшага да барарын гана маалымдады. Айрым индиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Моди Киевге ушул апта соңунда барарын жазышты.

Быйыл июль айында Моди Москвага барып, орус президенти Владимир Путин менен жолуккан жана ал “жаңжалдарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну” жактай турганын, Москва менен Киев ортосундагы мамилени тез арада жөнгө салууга болоруна үмүттөнөрүн билдирген. Москвадагы жолугушуу алдында украин президенти Владимир Зеленский Модинин Орусияга сапарын “көңүл калтырган, тынчтык жараянына сокку” деп атаган.

Модинин Путин менен кучак жайып учурашуусу, эки жарым жылдан бери Украинада адамдарды өлтүрүп, инфраструктураны талкалап жаткан согуштун баштоочусуна жасаган мындай мамилеси сынга кабылган.

Орусия Украинага согуш ачканы үчүн эл аралык санкцияларга кабылгандан бери Индия Кытай менен катар аны менен соода өнөктөштүгүн, айрыкча мунай сатып алуусун кеңейткен өлкөлөрдүн бирине айланган. Батыштагы өнөктөштөрдөн айырмаланып Моди Орусиянын согуш ачышын түздөн-түз айыптоодон жана Москваны сындоодон карманып келет. (RK)

Дагы караңыз

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаевдин камактагы мөөнөтү узарды Ысык-Көл: Айылдарды сел каптап, эки районго өзгөчө кырдаал тартиби кирди Назарбаевдин иниси пробациялык көзөмөл менен абактан чыгатТажикстанда белгилүү журналист камакка алынганы маалымдалды