Казакстанда АЭС куруу сунушун "путиндик жарнама" деген активист кармалганы кабарланды

Активист Мейрхан Абдиманапов (cолдо) АЭС боюнча талкууда. Алматы. 2024-жылдын 16-августу.

Казакстанда атомдук электр станциясын курууга каршы пикирин билдирип келген, соңку талкуулардын биринде мындай долбоорду "Путиндик корпорациянын жарнамасы" деп атаган активист кармалганы кабарланууда.

"Азаттык" радиосунун казак кызматы 19-августта жазгандай, Мейрхан Абдиманаповдун телефону өчүк, милиция болсо аны ички иштер башкармалыгына алып барышпаганын билдирүүдө.

Социалдык түйүндөрдө дүйшөмбү күнү жарандык кийимчен адамдар өзүн Алматынын Алатау полиция башкармалыгынын кызматкери деп тааныштырып жатканы тартылган, Абдиманаповду күч менен кармап кетүү учуру деп аталган видео тарады. Видеодон активист аны коё берүүнү талап кылып жатканын көрүүгө болот.

Мейрхан Абдиманапов АЭС куруу сунушуна байланыштуу өткөн аптада Алматыда уюштурулган талкууга барып, "Эч кандай коомдук талкуу жок болууда! Силер АЭСти жарнамалап гана жатасыңар. Чыныгы коомдук талкуу болсо сүйлөгөндөрдүн жарымы ага каршы чыккандар болмок. Бул Путиндик жана башка атомдук корпорациялардын жарнамасы! Силер саясий лоббистсиңер!" — деп кыйкырып айткан.

АЭС маселесине арналган жыйындар Казакстанда ушуну менен 19-жолу уюштурулду, акыркы жолугушуу Алматыда өттү.

Бийлик коомдук талкуу деп атап жаткан мындай жыйындардан кийин маселени жалпы элдик референдумга алып чыгууга жол ачылат. Президент Касым-Жомарт Токаев добуш берүү быйыл күзүндө өтөрүн жарыялаган. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстанда бакчага барган балдар жалпы наристелердин 28,3% түзөтБШК депутат Мейкинбек Абдалиевди мандатынан ажыраттыАбдалиевдин ордуна Арсланбек Эгембердиев депутат болдуЫсык-Көл: Айылдарды сел каптап, эки районго өзгөчө кырдаал тартиби кирди