Блинкен Газа боюнча сүйлөшүүлөр "чечүүчү учурга" келгенин айтты

Энтони Блинкен.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондун Газа боюнча бул күндөрү көрүп жаткан дипломатиялык аракеттери «балким, эң мыкты, бирок акыркы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал» экенин белгилеп, тараптарды бир жыйынтыкка келүүгө чакырды. 19-августта Тель-Авивде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Блинкен:

«Азыр чечүүчү учур. Барымтадагыларды үйүнө кайтаруу, ок атышууну токтотуу жана баарын бекем тынчтык жана коопсуздук нугуна салуу үчүн берилип жаткан эң жакшы, балким, акыркы мүмкүнчүлүк. Баары «ооба» деп айтканга жана «жок» деп айтууга эч кандай шылтоо издебегенге убакыт келип жетти», — деди.

Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчулук сүйлөшүүлөрүн улантуу максатында 18-августта Блинкен Жакынкы Чыгышка кезектеги, согуш башталгандан берки он ай ичиндеги тогузунчу сапары менен барды.

Соңку сүйлөшүү эки күн мурда Катардын борбору Дохада уюштурулган. Ага АКШ, Египет, Катар жана Израил катышкан. ХАМАС ( АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу өкүлдөрүн жөнөткөн эмес.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча так жыйынтык чыга элек.

Израил тынчтыкка ХАМАС тобун жок кылгандан кийин гана, ал эми ХАМАС атышууну убактылуу эмес, таптакыр токтоткондо гана жетишсе болорун айтып келе жатышат.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңге жеткенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС палестин тобунун саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес. (RK)

Дагы караңыз

Ысык-Көл: 300дөн ашуун үйдү, бир нече пансионаттын короосун сел каптадыТайланд: Орус тилдүүлөр каптаган Пхукет аралы Зеленский фронттун бардык багытында жакшы натыйжа бар экенин айттыОрусияда соттолгон АКШ жаранынын өкүмү өзгөрүүсүз калды