Кыргызстанда бакчага барган балдар жалпы наристелердин 28,3% түзөт

Бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бала бакчага барган балдардын саны жалпы балдардын 28,3% түзөт. 2023-2024-окуу жылында 86,6 миң бала мектепке чейинки даярдоо класстарына камтылган. Алардын ичинен 72,9 миң бала мектептердин нөлүнчү классында окуган болсо, 13,6 миң бала мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар - бала бакчалардын мектепке даярдоо тайпаларында билим алышкан.

Ал эми мектепке чейинки даярдоо класстарына 35,6 миң бала таптакыр тартылган эмес.

Бул маалыматтар Кыргыз билим берүү академиясынын "12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясында" жазылган.

Концепцияда ошондой эле быйылкы 2024-2025-жаңы окуу жылында алты жаштагы балдарды “Наристе” программасы менен мектепке чейинки даярдоо менен толук камтуу үчүн 61 293 бала үчүн 2452 классты ачуу зарылчылыгы белгиленген. Бул балдарга жумасына 15 сааттык окууну камсыз кылуу үчүн мугалимдер жана аларга төлөнүүчү эмгек акы кошо эсептелген. Ага ылайык, быйылкы окуу жылында кошумча класстардын мугалимдерине эмгек акы төлөө үчүн жылына 731,7 млн сом керек болот.

Клнцепциядагы маалыматтарга караганда, 2023-2024-окуу жылында Кыргызстандагы 2377 мектепте 0-класстан 11-класска чейин (даярдоо тайпаларын кошкондо) 1, 491 млн бала окуган. Мунун ичинен 2173 мектеп мамлекеттик, 204 мектеп - менчик. 2020-жылы мектептерде 1 млн 350 миңдин айланасында бала окуган болсо, 2029-жылы окуучуларын саны 1 млн 67 миңге чукулдайт деп болжолдонууда.

Кыргызстан 2024-2025-окуу жылынан тартып мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүнү көздөөдө. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматына караганда, быйылкы окуу жылында жалпы даярдык жүрөт, кийинки жылдан тартып система толугу менен ишке кирет. Быйылкы окуу жылында бала бакчаларда мектепке чейинки даярдык тобунда окуган балдар кийинки жылы мектепте 2-класска кабыл алынары кабарланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы автотоктотмолордун акысын 100 сомго чейин көтөрүүнү сунуштадыАкылбек Жапаров экономикалык өсүш жаңы деңгээлге чыкканын айттыСузак округу боюнча шайлоого катышууга 12 киши арыз берди“Орусияга берип салат деп коркуп калыптыр". Астана Горшенинаны Кыргызстанга жибердиӨкмөт маалыматтык изилдөө борборун түзөт. Анын максаты эмне?