Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Сузак округу боюнча шайлоого катышууга 12 киши арыз берди


Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн 12 киши арыз берди. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Талапкерлердин арызын кабыл алуу 22-августка чейин уланат. Шайлоо 22-сентябрда өтөт.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.

Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. Айрым депутаттар "ал атайын кызматка суракка барып, маанайы жок жүргөнүн" "Азаттыкка" айтышкан.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаты мандатын таштап кеткен. 25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшырган.

Анын алдында “Ишеним” фракциясынын депутаты Эмилбек Жусупов, Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Свердлов округунан келген Шайлообек Атазов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев арызынын негизинде мандатынан ажыратылган.

Жогорудагы бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтүп, жаңы депутаттар шайланды, партиялык тизме менен парламентке келген депутаттардын ордуна кезектеги талапкерлер мандат алышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматында иштегендерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG