Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Акылбек Жапаров экономикалык өсүш жаңы деңгээлге чыкканын айтты


Президенттин администрациясынын кеңешмеси.
Президенттин администрациясынын кеңешмеси.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров администрациянын кызматкерлери менен кеңейтилген жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн сайты кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн координацияланган ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал администрациянын ишинин негизги аспектилерине токтолуп, мыйзамды так сактоонун жана аткарылган иш үчүн жогорку жоопкерчиликтин зарылдыгына токтолду.

“2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ички дүн продукциясынын (ИДП) көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7%ды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске албасак, анда ИДПнын көлөмү реалдуу түрдө 10,6%га өстү, бул өлкөдөгү экономиканын олуттуу өсүшүн жана 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темптин тездегенин белгилейт. Дүйнөлүк туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында мындай өсүш экономика жөн эле ыңгайлашпастан, ал жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөттү", – деди Акылбек Жапаров,

Улуттук статистика комитетинин баштапкы маалыматында, 2023-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 1 трлн 200 млрд сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 6,2% өскөн.

Өлкө тарыхында сумма биринчи ирет трлн сомдон ашкан. Кыргыз өкмөтү муну өзүнүн соңку жылдардагы аракеттеринин жыйынтыгы катары сыпаттаса, эксперттер буга пандемиядан кийинки чек аралардын ачылышы, Украинадагы согуш жана андан улам жаралган логистикалык маселелер да түрткү бергенин белгилешет. (ErN)

XS
SM
MD
LG