Бишкек мэриясы автотоктотмолордун акысын 100 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

"Манас" эл аралык аэропортунун автотоктотмосу (автопарковка). Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы негизги көчөлөрдө муниципалдык автотоктотмолорду жана машине коюучу жайларды уюштуруп, анын акысын жогорулатууну сунуштады. Бул боюнча мэриянын демилгеси Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланды.

Сунушта айтылгандай, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайынын кызмат көрсөтүүлөрүнө сааттык төлөм киргизилет. Калаанын борбордук бөлүгүндө унаа токтоочу жайлардын биринчи сааты үчүн төлөмдү 25 сом жана андан кийинки сааттар үчүн тарифти 40 сомдон 100 сомго чейин белгилөө пландалууда.

Мэрия өз сунушун калаада авто тыгындарды жана жол кырсыктарын азайтуу максаты менен түшүндүрүүдө.

Документтин негиздемесинде жазылгандай, ушул күндөрү Бишкекте 683 миң автоунаа катталган. Мындан сырткары башка аймактарда катталган дагы миңдеген машине күн сайын кирип-чыгып турат.

“Бишкек шаарынын аймагында автотоктотмолорду жана машине коюучу жайларды уюштуруу жана иштетүү тартибин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” президенттин жарлыгынын долбоору тиешелүү сайтка 18-августта коюлду. Коомдук талкуу 17-сентябрга чейин уланып, андан соң документ Президенттин администрациясынын кароосуна жөнөтүлөт. Документке президент кол койсо күчүнө кирет.

Учурда Бишкек шаарындагы 20дай көчөнүн ар кайсы жерлеринде муниципалдык авто токтотуучу жайлар уюштурулган. Анда машине токтотуу убактысына карабай расмий түрдө 25 сом деп бекитилген. Кээ бир жерлерде кызматкерлер 40 сомго чейин акы алынган учурлар бар. (ErN)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров экономикалык өсүш жаңы деңгээлге чыкканын айттыСузак округу боюнча шайлоого катышууга 12 киши арыз бердиЫсык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилдиБаткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр уландыНетаньяху барымтадагылар боюнча сүйлөшүү татаал болуп жатканын билдирдиПольша "Түндүк агым" боюнча айыптоону негизсиз деп атады