Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Ысык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Кыргызстанда жүргөн селдердин бири. Архивдик сүрөт.
Кыргызстанда жүргөн селдердин бири. Архивдик сүрөт.

Ысык-Көл облусунун аймагында катуу жааган жаан-чачындан жана анын кесепетинен жүргөн селден улам Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы Жети-Өгүз районунда да өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин маалымдаган, облустук администрация аны ырастаган жок. Мекеме Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунун администрациялары күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын тактады.

18-август күндүз жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айыл-кыштактарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган.

Ысык-Көл районунун Темировка айылында болжол менен 100дөн ашуун турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат.

Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жетектеген жыйын өтүп, селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өлкөдө быйыл сел көп катталып, андан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында бир нече жолу сел жүрүп, өкмөт анын чыгымын 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартканын жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG