Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн 12 киши арыз берди. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.
Талапкерлердин арызын кабыл алуу 22-августка чейин уланат. Шайлоо 22-сентябрда өтөт.
Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.
Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. Айрым депутаттар "ал атайын кызматка суракка барып, маанайы жок жүргөнүн" "Азаттыкка" айтышкан.
Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаты мандатын таштап кеткен. 25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшырган.
Анын алдында “Ишеним” фракциясынын депутаты Эмилбек Жусупов, Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Свердлов округунан келген Шайлообек Атазов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев арызынын негизинде мандатынан ажыратылган.
Жогорудагы бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтүп, жаңы депутаттар шайланды, партиялык тизме менен парламентке келген депутаттардын ордуна кезектеги талапкерлер мандат алышты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматында иштегендерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (ErN)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров экономикалык өсүш жаңы деңгээлге чыкканын айттыЫсык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилдиБаткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр уландыЫсык-Көлдө бир катар айылдарды сел каптадыЫсык-Көл: Селден улам ӨКМ күчөтүлгөн тартипке өттүНетаньяху барымтадагылар боюнча сүйлөшүү татаал болуп жатканын билдирдиПольша "Түндүк агым" боюнча айыптоону негизсиз деп атадыChatGPT: АКШдагы шайлоодон улам ирандык аккаунттарга тыюу салындыЛукашенко аскерлеринин үчтөн бири Украина менен чек арага жөнөтүлгөнүн айтты