Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Ысык-Көлдө бир катар айылдарды сел каптады


Ысык-Көлдөгү сел каптаган айылдардын бири. 18-август, 2024-жыл
Ысык-Көлдөгү сел каптаган айылдардын бири. 18-август, 2024-жыл

Катуу жааган жамгырдан соң өткөн түнү Ысык- Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана "Ысык-Көл Аврора” пансионатын сел каптаган. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Расмий маалымат боюнча, селден эң көп Темиров айылы жабыркап, 100дөн ашык үйдү суу каптаган. Мындан сырткары Тоң районундагы Ак-Сай айылында, Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында да сел жүргөнү тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Учурда облус аймагындагы бир нече ички жолдор жабылганы кабарланды.

Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жетектеген жыйын өтүп, селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын ӨКМден кабарлашты.

“Селден жабыркаган Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн Темиров, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарына облустук Жарандык коргонуу тутумунун күч-каражаттарын жетиштүү деңгээлде тартуу жана башка район шаарларында абалды көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди”-деп айтылат маалыматта.

18-август кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел каналында топтолгон суунун ташып кетүү коркунучу жаралганы кабарланган.

Бул күнү түшттөн жааган жаандан кийин Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел Жууку жолун каптап, кум-шагыл толуп калган. Кийинчерээк тазаланганы кабарланды.

Өлкөдө быйыл сел көп катталып, андан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында бир нече жолу сел жүрүп, өкмөт анын чыгымын 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартканын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG