Орусиянын өтүнүчү менен Казакстандын аймагында кармалып, эки ай абакта жатып, Кыргызстанга экстрадицияланган Алина Горшенина шок абалында. Кыргыз жараны Алина Горшенина жайдын башында апасы жана кызы менен эки күндүк эс алуу үчүн Казакстанга турист катары сапар тарткан. Бирок Казакстандын чек арасында коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери аны камакка алышкан. Алина Горшенина орус оппозиционери Алексей Навальныйды соттогон судья менен прокурорду коркуткан деп шектелүүдө.
Казакстанда эки ай камакта жаткан Алина Горшенинанын апасы Лариса Горшенина кызы бул окуядан кийин коркуп калганын, психологдун жардамына муктаж экенин айтты. Ал кызы учурда өзүнө келүү үчүн көчөгө да чыкпай отурганын кошумчалады.
“Ал азыр шок абалында. Психологиялык жактан өтө оор болгонун айтат. Ал азыр кайсы жакта экенин дагы толук кабыл ала албай жатат. Анткени “Орусияга өткөрүп берип салышат”, “жашоом бүтүп калат” деп аябай коркуп калыптыр”, - дейт Лариса Горшенина.
Алина Горшенинанын социалдык түйүндөрдөгү жазгандарына көз чаптырып карап көрсөк, ал жеке баракчасында орус-украин согушуна каршы пикирин, орус оппозиционери маркум Алексей Навальныйды колдогон билдирүүлөрдү жазып турган. Дал ушундан улам Горшенинага соцтармактагы баракчасына жазган пикирлери үчүн кылмыш иши козголгонбу деген божомол айтылууда.
Маалыматка ылайык, Горшенина Москва облустук соту Елена Морозова менен прокурору Елена Колоскованы коркуткан деп айыпталууда.
2021-жылы 18-январда судья Елена Морозова Орусияга Германияда дарыланып жүрүп, кайтып келген Алексей Навальныйды камакка алган. Соттук отурумга прокурор Колоскова да катышкан.
Дагы караңыз Навальныйдын экинчи соту уланат"Медиазона" басылмасы аныктагандай, Горшенинанын аты Орусия Ички иштер министрлигинин издөө жарыялангандар базасында былтыр 27-декабрдан кеч эмес пайда болгон. Rusnews агенттиги Алина Горшенинага кылмыш иши 2023-жылы июнда козголгонун жазган. Бирок Лариса Горшенина кызы Алина ал күнү Ысык-Көлдө жүргөнүн, Орусиянын аймагына акыркы алты жылдын ичинде бара электигин, аны оңой эле далилдеп койсо болоорун айтат.
“Кызым азыр Кыргызстанда, үйдө. Орусиядагы ага каршы козголгон кылмыш иши дагы деле ачык турат. Менин билишимче, Орусия ал ишти Кыргызстанга териштирүүгө өткөрүп берүүгө каршы болуп жатат. Менимче, алар иш тергөө маалында жасалма экени ачыкталып калат деп коркуп жатышат. Анткени алар Кыргызстанда жашап жүргөн кызыма кылмыш ишин козгошкон. Кызым ал маалда Кыргызстанда жүргөнүн оңой эле далилдеп койсо болот”, - дейт Алина Горшенинанын апасы Лариса Горшенина.
Казакстан кыргыз жараны Алина Горшенинаны Кыргызстанга 10-августта эстрадициялаган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тергөө купуялуулугуна таянып, кылмыш иши тууралуу кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.
“Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана кыргыз жана казак бийлик органдарынын координацияланган иш-аракеттеринин натыйжасында жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагына кайтаруу чечими кабыл алынды. Бул процесстин бардык этаптарында айыпталуучулардын укуктарын коргоо боюнча, анын ичинде алардын юридикалык жардамга болгон муктаждыгы Башкы прокуратура тарабынан камсыз кылынды” деп билдирет Башкы прокуратура.
Дагы караңыз Батыш, АКШ жана Орусия айырбаштаган туткундар кимдер?Лариса Горшенина кызына тагылган айыптын чоо-жайын түшүнбөй, Орусияга өткөрүп бербесе экен деп чочуулап келген. Эми болсо Орусияда козголгон кылмыш иши үчүн кызы Алина Горшенина Кыргызстандын аймагынан чыга албай калганын, Орусияда ачылган кылмыш ишин кантип жаптыраарын билбей турганын айтты.
Кыргызстандын Акыйкатчы институту Алина Горшенинанын иши боюнча кабары бар экенин, акысыз жактоочу менен камсыз кылууга даярдыгын билдиришти.
“Эл аралык конвенциялар, мамлекеттик келишимдер, анан Акыйкатчынын өзүнүн тийиштүү мандаттары бар. Ошол мандаттарга ылайык биз колдон келишинче Алина Горшенинага укуктук жардам берип жатабыз. Биздин чет өлкөлөрдөгү элчиликтерде юристтер иштешет. Өзбүздүн жарандарыбызды коргоо боюнча акысыз юридикалык жардам бар. Ошол линия аркылуу биз тийиштүү кайрылууларды жөнөтөбүз. Эгер бекер юридикалык жардамга муктаж болсо, биз көмөк көрсөтөбүз”, - дейт Акыйкатчы институтунун жарандардын жарандык жана саясий укуктарын коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Самат Калчабаев.
Акыйкатчы институту берген маалыматка ылайык, 2023-жылы чет мамлекеттердин түзөтүү мекемелеринде 1410 Кыргыз Республикасынын жарандары жазаларын өтөшүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда.