Украинанын Запорожье атомдук электр станциясына кирген жолго дрон менен сокку урулгандан кийин ал жердеги өзөктүк коопсуздугуна коркунуч жаралды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси билдирди.
The nuclear safety situation at Ukraine’s Zaporizhzhya Nuclear Power Plant is deteriorating following a drone strike that hit the road around the plant site perimeter today, IAEA DG @rafaelmgrossi said. https://t.co/t2PZJOt09L pic.twitter.com/s1fTDWVT5Y
— IAEA - International Atomic Energy Agency ⚛️ (@iaeaorg) August 17, 2024
Ишембиде эртең менен учкучсуз учак менен АЭСтин аймагынын жанындагы жолго сокку урганын орусиялык Телеграм каналдар жазган. Жарыяланган сүрөттөргө караганда, көп зыян келтирилген эмес, асфальттын ондогон сантиметр жери сыйрылган.
Украина менен Орусия Гроссинин кайрылуусу боюнча комментарий бере элек.
Шейшембиде МАГАТЭ 11-августтагы АЭСтеги өрттөн келтирилген зыянды эсептеп чыккан. Агенттик билдиргендей, анын кызматкерлери станциянын орус күчтөрү көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү зыян тарткан объектини текшерип чыгышкан, бирок өрттүн себеби боюнча акыркы корутундуну чыгара элек.
Москва менен Киев буга чейин өрт үчүн бири-бирин айыптаган. Орус бийлиги буга украин күчтөрүнүн учкучсуз учак менен чабуул койгону себеп болгонун билидриген. Киев болсо мында шалаакылык болгон же атайын өрттөлгөн деп жоопкерчиликти орус тарапка арткан.