Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Израил күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү Набатия шаарына сокку урду


Набатия шаарына урулган соккудан ураган имарат. 17-август, 2024.
Набатия шаарына урулган соккудан ураган имарат. 17-август, 2024.

Израил күчтөрүнүн Ливандын Набатия шаарын аткылоосунан он чакты киши каза болду, алардын экөө балдар. Дагы беш киши жараат алганын Reuters Ливандын NNA мамлекеттик маалымат агенттигине шилтеме берип жазды.

Мамлекеттик медианын маалымдашынча, каза болгондордун баары Сириянын жарандары болгон. Алардын саны ДНК-тесттин жыйынтыгы менен так жарыяланат.

Израил күчтөрү аба соккулары “Хезболла” радикал тобу колдонгон курал-жарак кампасына урулганын билдирди.

Соккулар жума күнү Газа секторунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин урулган. Сүйлөшүүгө катышкан делегациялар эмки апта кайрадан жолугушары күтүлүүдө.

Акыркы апталарда аймактагы кырдаал "Хезболла" Израил аннексиялап алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына ракеталык чабуул жасап, 12 адам каза тапкан окуядан кийин кыйла курчуган абалда турат. Бул аткылоо үчүн Израил бийлиги жоопкерчиликти “Хезболла” тобуна жүктөп, Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүнө сокку урган. Анын жыйынтыгында “Хезболланын” башкы аскердик командири Фуад Шукур жок кылынган.

XS
SM
MD
LG