Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Түркия: парламентте депутаттар мушташты 


Түрк парламенти.
Түрк парламенти.

16-августта Түркиянын парламентинин депутаттары абактагы Жан Аталайдын мандатына байланыштуу чукул жыйынга чогулушту. Анда оппозициячыл Түркиянын жумушчу партиясынын депутаты Ахмет Шык сөз алган. Анын кайрылуусу жыйындар залындагы бийликчил жана оппозициячыл депутаттардын бири-бирин кемсинткен сөздөрү менен коштолду.

Шык бийликтеги АК партиянын депутаттары отурган катарды карап, "уятыңар жок" деп кыйкырган. Ал трибунада сөзүн улантып жатканда башка бир депутат, Алпай Өзалан аркадан келип муштаган. Андан кийинки калайман мушташтын видео тасмасы интернетке да тарады.

Парламенттеги талаш-тартышта ДЕМ партиясынын депутаты Гүлистан Кылыч Кочйигит жараат алганы, абалы жакшы экени кабарланды.

Түркиялык жарандык активист Жан Аталай 2022-жылдын 25-апрелинде Гези паркындагы каршылык акцияларына байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал былтыркы парламенттик шайлоодо Түркиянын жумушчу партиясынын катарында депутаттыкка шайланган.

Түркиянын Конституциялык соту Аталайдын депутат болуп шайланганына байланыштуу ага мандатын тапшыруу жана аны бошотуу чечимин чыгарган.

Бирок Стамбулдун Жогорку соту бул чечимди аткарбай, Жогорку Апелляциялык соттун жаза коллегиясына жөнөткөн. Учурда Жан Аталайдын мандаты тууралуу чечим Түркиянын парламентинде каралууда. (ElB)

XS
SM
MD
LG