Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

БШК жергиликтүү кеңештерди шайлоо ноябрда өтүшү мүмкүн экенин билдирди


БШК тараткан сүрөт.
БШК тараткан сүрөт.

Административдик аймактык реформанын жүргөнүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаттары сентябрь айында тарашы күтүлүүдө. Ал эми бул аймактарда кайрадан шайлоо 17-ноябрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын Ак-Суу районунда жергиликтүү бийлик жана депутаттар менен болгон 16-августтагы жолугушуусунда айтылды.

Аймактык чектер өзгөргөнүнө байланыштуу БШК эми айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн округдарды жергиликтүү бийлик менен чогуу түзүшү керек. Шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештерге мандаттардын санын аныктоонун эрежелерин жана шайлоо округдарын түзүүнүн эрежелерин түшүндүрөт.

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилсе, башка аймактарда мандаттар калктын санын эске алуу менен бөлүнөт. Эгер административдик аймакта жашагандардын саны 6 миңге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21, андан көп жашоочусу бар аймактарда 31 депутат шайланат.

“Республика боюнча мыйзамда шаарларды ирилештирүү жана айыл аймактарын бириктирүү каралган. Каралып жаткан өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 484 административдик-аймактык бирдиктин ордуна 268 административдик-аймактык бирдик: 33 шаар жана 235 айыл аймагы түзүлдү. Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү, ошондой эле администрациялык-аймактык түзүлүштү жалпы өзгөртүү кеңештерди таратууга жана жаңы жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындоого негиз болуп саналат”, - деп жазылган маалыматта.

Административдик-аймактык реформа боюнча жаңы кабыл алынган мыйзам 2-августтан тарта күчүнө кирген.

3-августта Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, саясий партияларга шайлоо босогосу 7ден 5% түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG