12 жылдыктын биринчи этабы
Быйылкы жаңы окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө даярдык көрүлөрүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Министрдин сөзүнө караганда, окуу китептери жаңы билим берүү стандарттарына ылайыктап даярдалат. Келерки жылдан тарта мектептер 12 жылдык билим берүүгө өтө башташат. Ошондо мектептердеги башталгыч, орто жана жогорку класстар бирден классты аттап өтүшөт. 12 жылдык билим түүралуу алгачкы аттестат 2028-2029-жылкы окуу жылы аяктаганда берилери белгилүү болду.
Билим берүү жана илим министри ошондой эле окуучулардын формасы мурдагыдай эле ар бир мектептин уставына карай чечилерин билдирди.
"Окуучулардын көйнөктөрү ак, шым, юбкалары кара түстө болсун деп сунуштап жатабыз. Мындай бирдиктүү форма балдардын өздөрү үчүн деле жакшы", - деди Кендирбаева.
Билим берүү жана илим министрлиги жаз айында 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.
Министрлик ырастагандай, 12 жылдык окутууга өткөндө деле окуучулар азыркыдай эле жаш куракта мектепти аякташат.
“12-класс деген бул бир жыл кошулуп калат дегендик эмес. Болгону азыркы “нөлүнчү класс” биринчи деп аталат. Азыр 1-класска ар кандай даярдыктагы балдар келүүдө. Айрымдары бала бакчадан окуганды, жазганды үйрөнүп келсе, андай базалык даярдыгы жок, эчтеке билбей келгендери да бар. Ошондон улам кийин сабактарга жетишүүдө айрымачылыктар жаралууда. 12 жылдык окутуу мына ушул көйгөйдү эске алган. Эми мектепке алты жашынан кабыл алынып, алардын жаш курагына жана жөндөмүнө жараша окуу программасы түзүлөт. 1-класс алар үчүн адаптация мезгили болуп, окуу жараяндары оюн түрүндө өтүп, баланы ар тараптан өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Негизги окутууга ушундай акырындык менен өтүү стрессти азайтып, окууга болгон ынтызарлыгын жогорулатат”, - дейт Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.
Дагы караңыз "Мектептер 50% гана камсыз болгон". Окуу китептердин тартыштыгы, статистикадагы айырма12 жылдык окутуу өтүү менен тармакты башкаруу дагы снариптешет. Өкмөттүн соңку маалыматтарына таянсак, бул үчүн Кыргызстанга Google корпорациясы көмөк көрсөтмөкчү.
Министрлик “айрым мектептер толуп калып, көйгөй жаралышы мүмкүн” экенин моюнга алууда. “Бирок бул өлкөдөгү бир нече калктуу конуштарда гана болушу мүмкүн”.
Өкмөттүн маалыматына караганда, акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынды, 2023-жылы 105 мектеп пайдаланууга берилген. Мындан сырткары окуу орундары боюнча дайыма мониторинг жүрүүдө. Учурда аймактардагы мектептердин 73,5 пайызында 491 бош орун бар. Министрлер кабинетинин заманбап мектептерди куруу, ошондой эле иштеп жаткан имараттарды оңдөп-түзөө планы бар. Андан сырткары жаңы окуу куралдарын, дүйнөдөгү мыкты авторлордун окутуу ыкмаларын колдонуу үчүн келишимдерге кол коюлганын билдирүүдө. Бул жерде STEM предметтерге (илим, технология, инженердик, математика), англис тили жана компьютерди окутууга көңүл бурулат.
Өткөн айда Министрлер кабинети бул программаны этап-этабы менен ишке ашыруу планын бекиткен эле. Ага ылайык 2024-жылдын аягына чейин концепция иштелип чыгып, реформаны ишке ашырууга зарыл нерселер даярдалат.
Дагы караңыз “Ар бир мугалимдин лидерлик шыгын өнүктүрүү керек”Документте 2025-2028-жылдары 168 жаңы мектеп салынышы керектиги, ага республикалык бюджеттен 20 миллиард сом (ред. 500 орундуу бир мектептин курулушуна 123 миллион сом сарпталат) бөлүү пландаштырылган. Ошондой эле жабдууларды, окуу-методикалык куралдарды сатып алуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана башкалар боюнча эсептөөлөр каралган.
Азия өнүктүрүү банкы билим берүү тармагына, анын ичинде 12 жылдык окутууга өтүүнү колдоого 40 млн доллар бөлөрү айтылган. Бул тууралуу келишимди парламент июнда ратификациялаган эле.
Башкалаа мектептериндеги өзгөрүүлөр
Бишкектеги негизги өзгөрүүлөрдүн бири сабактардын саат 7:30да башталары. Мэрия жаңы окуу жылынан баштап баш калаадагы 121 мектептин 44үндө сабактар 7 жарымда баштала турганын билдирди.
“Жол-транспорт инфраструктурасындагы тыгындарды жоюу максатында Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын эскертет, эреже бузган учурда аларды айып пул менен эвакуациялоо чаралары көрүлөт. Ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ата-энелерден балдарынын жакын жердеги мектептерде билим алуусун алдын ала пландаштырууну суранабыз”, - деп айтылган расмий маалыматта.
Мындай өзгөрүү шаардыктар арасында кызуу талкуу жаратты. Айрымдар таң атпай мектепке баруу окуучу балдарга кыйын болорун айтууда. Бирок мэриянын Билим берүү департаменти окумуштуулардын пикирине таянып, “мунун пайдалуу жактары көп экенин” ишендирүүдө.
“Дайыма эрте туруу практикасы физикалык жана психоэмоционалдык ден соолукту чыңдоого мүмкүндүк берет. Буга чейин шаардагы 14 мектепте саат 7:30дан баштап окутуу практикаланып, алгылыктуу жыйынтыктарды берип жатканынан улам ушундай чаралар көрүлүүдө. Окуучулардын тыгында калбай, мектепке жана үйлөрүнө оңой барышы да маанилүү. Анын үстүнө билим берүү мекемелеринин көбү шаардын борборунда жайгашкан жана унаа тыгыны көп болгон аймактарда жайгашкан. Кошумчалай кетсек, борбор калаанын бардык мектептеринде эки эсе көп окуучу бар. 10 мектепте (сабак саат 7:30да башталат) башталгыч класстар үч нөөмөт менен окутулат”, -деп билдиришти мэриядан.
Дагы караңыз 12 жылдык окуу билим сапатын жакшыртабы?Билим берүү башкармалыгы жай айларында Бишкектеги №28 жана №70 мектептердин биригишине байланыштуу чыккан жаңжалга да комментарий берди. Муниципалитеттин демилгесине нааразы болгон окуучулардын ата-энелери бул чечимди жокко чыгаруу талабы менен петиция түзүшкөн. Август айынын башында мурдагы №28 лицей №70 гимназиянын курамына киргени белгилүү болду.
Расмийлер ушундай эле тажрыйба 2000-жылы да колдонулганын, №36 мектеп №69 мектепке кошулуп, жогорку жана башталгыч класстар эки имаратка бөлүнгөнүн белгилейт.
“Бириктирүүнүн негизги максаты [эки учурда тең] сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу, класстарга балдардын ашыкча кабыл алынышын азайтып, имараттарды натыйжалуу пайдалануу. Билим берүүнүн мындай ыкмасы кыйла натыйжалуу, анткени мектептин материалдык жана окуу ресурстары, имараттары кеңейет. Ошондой эле класстардагы окуучулардын санын азайтып, кошумча билим берүү кызматтарынын санын арттырат”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Эксперттердин пикири кандай?
Мэриянын жол тыгынын азайтуу үчүн мектептердеги сабактарды таң эртелей баштап жатышы натыйжа береби? Айрым талдоочулар мындан күмөн санашууда.
“Бишкекте шаарлашуунун пландоо системасы, башкача айтканда urban planning бузулганын түшүнүү зарыл. Айталы, жайында мектептер иштеген жок, бирок мунун менен жол тыгыны тыйылып калган жок да. Маселенин баары баш калаада машиненин саны чегинен ашыкча көп экенинде. Андан сырткары, жол кыймылы мурдагы эски ыкмалар аркылуу жайгарылат. Ал эми жалпы билим берүү реформасы тууралуу айта турган болсок, ал акыр аягы биз узак жылдардан бери талкуулап келген багыттарга бурула баштады. Ооба, кайсыл бир жактарын сынга алса болот, бирок алдыга умтулуу сезилерлик. Маселен, Кыргызстандагы мектептердин тартыштыгы өтө жакшы темп менен жоюлуп жатат. Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында STEM предметтери боюнча окуу пландары жана кембриждик үлгүдөгү китептер киргизилип, билим берүүнүн мазмуну өзгөрүп жатканын дагы жакшы көрүнүш”.
Дагы караңыз 12 жылдык мектепке өтүү жана коомдук колдооКеңешбек Сайназаров кандай гана өзгөрүүлөр болбосун аны ишке ашырууга убакыт керектигин кошумчалады.
“12 жылдык окутууну киргизүү Кыргызстандын билим берүү системасына көйгөйлөрдү жаратпашы үчүн мүмкүн болушунча ырааттуу ишке ашырылышы зарыл. Эң негизгиси, бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жардам бериши керек. Башкача айтканда, биз муну дүйнөлүк стандарттарга жооп берүү үчүн гана эмес, мектептерибиздин күчтүү болушу үчүн жасап жатканыбызды эске алуубуз керек”.
“Психикалык саламаттык” коомдук уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаева билим берүүдөгү өзгөрүүлөр боюнча комментарий берип жатып, бир жыл мурун кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы иш жүзүнө аткарылбай жатканына көңүл бурду:
"Бул өтө прогрессивдүү документ, бирок министрлик муну таптакыр көрбөгөндөй же билбегендей. Анткени мыйзам жаңы, министрлик болсо мурдагыдай эле. Социалдык тармактарга бир нече жолу жазып, мекеме коррупциялашкан орган экенин, ошондуктан жогорудагы мыйзамда аткара албай турганын айткам. Жыйынтыгы ошондой эле болду. 12 жылдык билим берүүгө өтүү балдардын билим алуусун эртерээк баштоо дегенди билдирет. Бирок муну мектепке чейинки билим берүүгө балдарды масштабдуу тартуу ишинен баштоо керек эле. Азыр балдардын дээрлик 76% мындай кызматтардан кур жалак, министрлик болсо түз эле 12 жылдыкка секирүүнү каалайт. Бул стратегиясы жоктук, көйгөйдүн маңызын түшүнбөгөндүк. Менин пикиримде, билиим берүү тармагын Экономика министрлигине берүү керек. Көптөр мунун утопия катары санашатю Бирок көптөгөн өлкөлөрдө Билим берүү министрлиги жок, мунун менен Экономика министрлиги алектент. Биздин билим берүү СССР доорунан бери эле экономикага эч байланышы жок идеология чөйрөсүндө калып, иш жүзүндө коррупциялашкан. Ошондуктан жаштардын жумушка орношуусу, киреше табуусуна кепилдик бербейт”.
Эксперт Баш мыйзамга 2021-жылы “мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү уюмдарына бирдей шарттарды түзүү боюнча чоң өзгөрүү киргенин” эске салды. Бирок Билим берүү министрлиги негизги мыйзамды сыйлабайт дейт ал.
“Мамлекеттик жана жеке менчик мектептер үчүн кош стандарттар дагы эле бар, муниципалитеттер өз аймактарындагы билим берүү уюмдарында чечим кабыл алуу жараянынан толугу менен четтетилүүдө. Мынай, мыйзамдар мектептердин административдик жана каржылык автономиясын кепилдейт. Бирок сабактарды саат 7:30да баштоону Билим берүү жана илим министрлиги чечти. Эмнеге мектептин, ата-энелердин ишине кийлигишип жатышат? Эмнеге мындай микроменеджмент жана майдачыл башкаруу? Балдар төрт сменаны бүтүргөнгө үлгүрүш үчүнбү? Бирок чоң шаарлардагы окуу орундарынын тартыштыгы мындай жол менен чечилбейт. Бул мажбурлоону, көзөмөлдөөнү жана жазалоону гана билген департаменттин кызматкерлеринин аракетин көрсөтөт”.
Айтмакчы, июндун соңунда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева эки жылдын ичинде Бишкектин билим берүү тармагы толугу менен министрликтин карамагына өтөрүн билдирген.
Мунун алдында сектордогу эң маанилүү көйгөй мектептерди окуу куралдары менен камсыздоо экенин моюнга алган.
“Азыркы шартта жылына 152 млн сом бөлүнсө, 100% камсыздоо үчүн 57 жыл керектелет. Бирок азыр президент бюджеттен 47 аталыштагы китептерди лицензиялоо укугун сатып алууга, биринчи кезекте окуу китептерине болгон муктаждыкты камсыздоого тапшырма берди”, - деген министр.
Ушундан кийин “Билимдүү Кыргызстан” жана KG Analytics биргелешкен төрт айлык изилдөөсүн жарыялап, Кыргызстандагы мектептерди окуу китебин менен камсыздоо 50 пайызды түзөрүн билдирди. Башкача айтканда, болжолу 8,6 млн китеп жетишпейт. Билим берүү министрлиги бул өтө көбөйтүлгөн сандар экенин, камсыздоо 70 пайызды түзөрүн айткан. Июлда мекеме бул жылы окуу-методикалык колдонмолорго республикалык бюджеттен 152 млн 600 сом каралганын маалымдады. Андан сырткары “Учкун” басмаканасынан 53 миңден ашуун китеп басылганын, алдыда дагы 376 миң китеп басуу планы бар экенин белгиледи.
Дагы караңыз Борбор Азиядагы эне тил көйгөйү, орус тил басымыМындан сырткары Кыргызстан 2024-жылы Marshall Cavendish Publishing (Сингапур) компаниясынан математика, физика, химия, биология, табият тарыхы жана англис тили боюнча 32 түрдүү китептерди мөөнөтсүз колдонууга лицензия алган. Учурда адистер бул окуу китептерин ыңгайлаштыруу жана англис тилинен кыргыз жана орус тилдерине которуунун үстүндө иштеп жатышат.