Бул программа тармакты өзгөртө алабы? Ал кантип ишке ашат? 12 жылдык окутуу системасынын артыкчылыгы эмнеде?
Билим берүү министрлигинин сунушу
Министрлер кабинети өткөн апта соңунда 12 жылдык орто билим берүүнү камтыган "Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө" тескемени жактырды.
Өкмөт окуу мөөнөтүн өзгөртүү моделине этап-этабы менен өтүүнү көздөп жатат.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Азаттыкка" курган маегинде "Алтын Казык" программасы жана 12 жылдык окуу тууралуу айтып, өкмөт тармакты түп-тамырынан өзгөртүүгө багыт алганын белгилеген:
"2023-жылы улуттук баалоо боюнча анализ жасадык. Балдардын дээрлик 64% математиканы билбейт, көндүмдөрү жок деп чыкты. 42% эмне окуганын түшүнбөйт. Бул креативдик жасалма интеллект менен иштөө, эмгек рыногуна жооп бере турган негизги көндүмдөр жок дегенди билдирет. Бул келечекте Кыргызстан атаандаштыкка туруштук бергидей өлкө болбой калышы мүмкүн деген кооптонууну жаратат. Ошондуктан биз түп-тамырынан бери өзгөртүүнү көздөдүк. Биринчиден, 12 жылдык билим берүү программасына өтүп жатабыз".
Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Ал эми мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат.
Азырынча 12 жылдык окуу системасы качан киргизилери боюнча так маалымат айтыла элек.
Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.
Кандай тобокелдиктер бар?
Билим берүү тармагында иш алып барган эксперттердин көбү өкмөттүн 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгесин колдошууда. Бирок муну ишке ашыруудагы тобокелдиктер менен тоскоолдуктарды эске алууга чакырышууда.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдувахаб Нурбаев оболу билим сапатын жогорулатуу жана муну ишке ашыруу механизмдерин аныктоо зарылдыгын белгиледи:
"Биздин билим берүү деңгээлибиз дүйнөлүк рейтингде деле, өзүбүздүн изилдөөлөрдө деле төмөн болуп жатат. Азыр эң чоң маселе ушул. Эгер 12 жылдыкка өтө турган болсок, мектептерде класстык бөлмөлөр канчалык жетиштүү? Өзгөчө Бишкек менен Ош шаарында бир класста 50-60 окуучу окуп жатат, ушул маселе чечиле элек. 12 жылга өтсөк, ал жерге дагы 4-5 класс кошулат. Экинчиден, биз кайсы окуу китептер менен окутабыз? Ал даярбы же жокпу? Анткени бир китепти даярдоо үчүн эле кеминде эки жыл кетет. Үчүнчүдөн, 5-6 жаштагы балдарды окутууга мугалимдерибиз даярбы? Ушул үч маселени ачыкка чыгарып, аны чечүү жолун аныктап, мында мамлекеттин, министрликтин жана ата-эненин салымы кандай болот, чечүүнүн кандай жолдору бар, ошону аныктагандан кийин гана өтүш керек. Билим берүүнүн негизги максаты 11-12 же 15 жыл эмес, сапаттуу билим берүү. 12 жыл болсо эле дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларга өтүп кетет деген туура эмес. Эң башкысы, балдарга сапаттуу жана жашоосуна керектүү жөндөмдү берүү зарыл. Басымды ушуга жасаш керек. Министрлик буларды чече албай, элдин башын ушуну менен алаксыткандай болууда".
Министр Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, билим берүү системасын өзгөртүү үчүн атайын команда Британия, Сингапурдун, Малайзиянын үлгүлөрүн көрүп келишкен:
"Базаңар жок, эмнени окутасыңар деп жатышат. Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен мектептердин 82% жакшыртылган мектеп ашканалар уюштурулган. Керектүү жабдуу, штат бар. Быйыл Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу программасынын 25 млн долларлык колдоосу менен калган мектептер өтөт. Учурда ар бир экинчи үйдө кафе, ашкана, тойкана жана туристтик жайлар ачылып, жогорку квалификациялуу ашпоздор жетишпей жатат. Студенттердин баары ошол кафелерде иштейт. Мектептин алкагында окуучуга ошол жөндөмдөрдү алып чыгууга шарт түзүү керек. Мындан сырткары 400дөн ашуун мектепте кийим тигүү машиналары бар. Ошону жакшыртуу менен кесип тандоого мумкүнчүлүк түзүлөт".
Билим берүү жаатындагы адис Асылбек Жооданбеков бул маселе коомчулуктун талкуусуна коюлуп, эксперттердин сунушу эске алынышы керек деп эсептейт. Ал билим берүүдө сапаттык баскычка көтөрүлүп, профилдик класстарды ачуу зарылдыгын белгиледи.
Ушундай эле ойду окуучуларды чет өлкөдө билим алууга жардам берген борбордун негиздөөчүсү Алтынбек Бегалиев дагы айтты:
"Биздин кошуна өлкөлөр, мисалы, Казакстан жакынкы убактарда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнү пландап жатат. Мындай реформаларды жөн эле эл көзүнө эмес, жакшылап ойлонуп ишке ашыруу зарыл. Батыш өлкөлөрүнүн билим берүү системасында акыркы эки класс кесип тандоого багытталган. Окуучулар өздөрүнө керек болгон сабактарды окуйт. Ашыкча сабактар кыскарат, мисалы, гуманитардык багытты тандагандар химия, физиканы окубайт. 12 жылдык программага өтүүдө ушулар эске алынса, максатка ылайык болмок".
"Изилдөөлөрдүн натыйжасында кабыл алынган ченем"
Дубайдагы Зайед университетинин математика жана статистика боюнча профессору Жалалидин Жээнбай эмнеге 12 жылдык окуу программасы маанилүү экенин айтып, билим берүү тармагындагы реформалар тууралуу пикирин билдирди:
"Биз стандарттык негизде каалаган нерсени окута албайбыз. Кыргызстандагы адистер ушуну түшүнүшү керек. Биздин өзгөчөлүгүбүз ушундай дей беребиз. Бирок дүйнөдө орток маалыматтык талаа пайда болгон, ошону глобализация дейт. Жалпысынан балдар эмнени окуш керек, кандай деңгээлде окуш керек деген эксперттер арасында түшүнүк бар. Эгер Кыргызстан алыскы келечекте ошол талаага кошулгубуз келсе, өзүбүз жазган кагаз, дипломдорду башкалар түшүнө алгыдай кылышыбыз шарт. Биздин чет өлкөлөр менен алака кылган тажрыйбабыз өтө эле чектелүү. Ошондуктан көптөрү кызыкпай, саясий өңүттөн карап, ар кандай тоскоолдуктардан улам өзгөрбөй, обочодо калып келгенбиз. Экинчиден, жаш курак психологиясы деген түшүнүк бар. Мында балдардын жаш курагына жараша канчалык көлөмдө академиялык билим алыш керектиги каралган. Бул өтө көп изилденген, мен дагы кызыгып карап чыккам. Баланын жөндөмүнө, физикалык, психологиялык абалына, жашына жараша, менталдык мүмкүнчүлүгүнө жараша жүктү бөлүштүргөндө 12 жыл келип чыгат. Бул кокустук же жөн эле бирөөнүн каалаганы эмес. Бул толук изилдөөлөрдүн натыйжасында кабыл алынган ченем".
Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Соңку кезде 9-класстан кийин мектепте окуусун улантууну каалабаган окуучулар көбөйгөнү айтылууда.
12 жылдык билим берүү системасында балдар 11 жылдык окутуудагыдай эле куракта мектепти аякташат. Аттестаттардын чет мамлекеттерде таанылышы жеңилдейт. Ал эми азыркы 11 жылдык окутуудагы аттестаттарды чет өлкөдө таануу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинен кошумча маалымкат керек.
Учурда дүйнөнүн 140тай өлкөсү (АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан ж.б.) 12 жылдык билим берүү ыкмасын колдонот.