Талас шаарына жаңы мэр дайындалды

Байышбек Астанакулов.

Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Президент Жапаровдун дагы бир тескемеси менен Астанакулов Тоң районунун акими кызматынан бошотулду.

36 жаштагы Байышбек Астанакулов Кадамжай районунун Жал айылында туулган. Ал буга чейин Ош шаардык кеңешинде, Жалал-Абад шаардык сотунда иштеген. Андан соң Айдаркен шаарынын мэри болгон.

2021-жылдын май айында Тоң районунун акими болуп дайындалган.

Талас шаарынын мурунку мэри Эрмат Жумаев президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. (MKt)

Дагы караңыз

Кыргызстанда тоо веложарышы башталдыОрусиянын ТИМи Rai каналынын Суджадагы репортажы үчүн Италиянын элчисин чакырдыБайден Дохадагы сүйлөшүүлөр тууралуу: Биз максатка кыйла жакындадыкЛукашенко нааразылык билдирип камалган 30 кишиге ырайым берди