Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Орусиянын ТИМи Rai каналынын Суджадагы репортажы үчүн Италиянын элчисин чакырды


Суджа шаарындагы соккулардан кийинки турак үйдүн көрүнүшү. Курск облусу.
Суджа шаарындагы соккулардан кийинки турак үйдүн көрүнүшү. Курск облусу.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Rai 1 телеканалынын кабарчысынын Курск облусундагы Суджа шаарынан даярдаган репортажына нааразылык билдирүү үчүн Италиянын Москвадагы элчиси Чечилио Пиччонини чакырды.

Министрликтин маалыматында журналисттер Орусиянын аймагына мыйзамсыз киргени жазылган. Мындан тышкары дипломатиялык мекеме кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин белгилеп, бирок кандай айып менен экенин тактаган эмес.

Baza Телеграм каналы жума күнү Орусиянын Ички иштер министрлиги буга байланыштуу мамлекеттик чек араны бузуу боюнча кылмыш ишин козгоону пландап жатканын жазган.

ТИМ ошондой эле журналисттер тобун “журналисттик этиканы” бузууга, “Киев режиминин кылмыштарын актоо үчүн пропагандалык колдоо көрсөтүүгө” айыптаган.

Бул боюнча Италия тараптын реакциясы тууралуу маалымат жок.

Rai телеканалы Суджа шаарынан тартылган репортажын 14-августта жарыялаган. Анда баяндамачы Стефани Баттистини Курск облусуна украиналык аскерлер менен келгенин айтып берген. Кабарчы шаардан эвакуацияланбаган жергиликтүү тургундар менен да маектешкен.

16-августта CNN телеканалы да өзүнүн репортажын жарыялаган. Кабарчы Ник Уолш Орусия менен чектешкен жерде украин тарапта болгон. Ал сюжетинде украиналык техникалардын Орусиянын аймагына тоскоолдуксуз кирип жатканын жана чек ара бекетин көрсөткөн. Уолш чек арадан өткөн эмес.

XS
SM
MD
LG