Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Кыргызстанда тоо веложарышы башталды


Silk Road Mountain Race Фейсбук баракчасынан алынган сүрөт.
Silk Road Mountain Race Фейсбук баракчасынан алынган сүрөт.

Бүгүн, 17-августта Кыргызстанда Silk Road Mountain Race аталышында тоо веломарафону башталды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасына жазгандай, бул ирет жарышка 35 өлкөдөн 175 катышуучу келген.

Марафондун жүрүшү Бишкектен башталып, Кегети, Соң-Көл, Казарман, Чатыр-Көл, Нарын, Барскоон, Кочкор, Чоң-Кемин аркылуу өтүп, Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталат.

“Ар бири жалгыз, чатыры, тамак-ашы менен жүрүшөт. Эки жумага уланат, 31-август Чолпон Атада салтанаттуу аяктайт. Бирок жеңичүүлөр былтыр 3-4 күндө эле келишкен марага. Дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген адам веложарышка күйөрман болушат. Табиятыбыздын эң кооз сүрөт, видеолору да жарыяланып турат. Биздин туризмдин эң сонун жарнамасы”, - деп жазган Байсалов.

Тоо веломарафонунда быйыл Кыргызстандан 15ке жакын катышуучу бар. Silk Road Mountain Race жарышы быйыл алтынчы ирет өтүп жатат. Биринчи ирет 2018-жылы өтүп, ага 90 спортчу катышкан.

XS
SM
MD
LG