Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Байден Дохадагы сүйлөшүүлөр тууралуу: Биз максатка кыйла жакындадык


Газадагы тургундар. Архив.
Газадагы тургундар. Архив.

Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча Дохада өтүп жаткан сүйлөшүү жума күнү убактылуу токтотулду. Андагы делегациялардын өкүлдөрү эмки апта кайрадан жолугушат. Reuters агенттиги жазгандай, алар Израил менен ХАМАС (Евробиримдикте жана АКШда террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун шарттарын талкуулашат. Ошондой эле былтыр 7-октябрда ХАМАС Израилге кол салгандан бери анын туткунунда турган адамдарды бошотуу маселеси да талкууланып жатат.

АКШ, Катар жана Египеттин биргелешкен кайрылуусунда Вашингтон акыркы апталарда айтылып жаткан позицияларды эске алуу менен жаңы сунуш келтирген. Бул сунуш макулдашууга тезирээк жетүү үчүн “боштуктарды толтурушу” керек деп жазды Reuters.

Вашингтондо президент Байден АКШ “максатка кыйла жакындаганын” белгиледи.

Бейшембинин кечиндеги кайрылуусунда ХАМАС уюмунун саясий бюросунун мүчөсү Хоссам Бадран Израилдин улантып жаткан операциясы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишүүгө тоскоол болуп жатканын белгилеген.

Сүйлөшүүгө катышып жаткан израилдик делегациясынын курамына Чалгын кызматынын башчысы Дэвид Барнеа, Ички коопсуздук кызматынын жетекчиси Ронен Бар жана туткундар боюнча бөлүм башчысы Ницан Алон бар.

Ак үй Дохаха Улуттук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Уильям Бёрнсту жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Бретт Макгеркти жөнөттү. Дохада ошондой эле Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман аль Тани жана Египеттин чалгын кызматынын башчысы Аббас Камел болгон.

ХАМАС сүйлөшүүгө катышпай турганын, жыйынтыгы боюнча маалыматты кабыл алууга даяр экенин билдирген.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок андан азырынча оң жыйынтык чыга элек.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Андан бери Израил армиясынын Газадагы соккуларынан каза тапкандар 40 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси айтууда.

XS
SM
MD
LG