Казакстанда сел каптаган аймактагы бир нече үй-бүлө бийликке нааразылыгын билдирүүдө

Казакстан. Атырау аймагы. 2024-жылдын 5-апрели.

Казакстанда быйыл жазында суу ташкындап, сел каптаганда үй-жайынан ажыраган бир нече үй-бүлө көчөдө калганын “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Орол аймагындагы «Ёлочка» деп аталган багбанчылар коомунун дача кыштагында калган беш үй-бүлөгө селден кийин жарактан чыккан үйүнүн ордуна турак жай берилбей жатканы маалымдалды.

“Үйүмдү куруп, баарын бүтүп калгам. Болгону, мончо эле калган, өзүңөр көрдүңөр. Анан суу каптап кетти. Суунун деңгээли үч метрге чейин жетип жатты. Азыр ижарага алган батирде жашап жатабыз. Көп балалуу экенибизге, бир балабыз “өзгөчө” экенине карабастан акимчилик эч нерсе дебей жатат”, - деди жергиликтүү тургун Данияр Кабдушев.

Кабдушев сыяктуу үйсүз калганын айткан башка да коңшулардын белгилешинче, бийлик алардын кыймылсыз мүлккө укугу боюнча документи ылайык келбей турганын жүйө келтирүүдө.

Кабарчылар расмий комментарий алуу үчүн акимчиликке кайрылган, бирок жооп ала алган эмес.

Март айынын соңунан тартып дээрлик бир ай бою Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында сел жүрүп, он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган. 120 миңдей киши үйүн, короо жайын суу алып, эвакуация болгон. 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган. Кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган. Селге каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн айтып бийликке нааразылыгын билдирип чыккандарга айыппул салынган. (RK)

Дагы караңыз

Маймыл чечеги алгачкы жолу Африкадан башка да аймакта катталдыОлжобай Шакирге чыккан өкүмгө каршы Жогорку сотко арыз берилдиНогойбаевага абактан жазылган кат боюнча үч кызматкер дисциплинардык жазага тартылдыБайден орусиялык оппозиционер Кара-Мурза менен жолукту