Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Байден орусиялык оппозиционер Кара-Мурза менен жолукту


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

АКШ президенти Жо Байден орусиялык оппозиционер саясатчы, жакында орус абагынан айырбашталып бошотулган Владимир Кара-Мурза жана анын үй-бүлөсү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу 15-августта Ак үйдө өттү.

Байден Facebook баракчасына жазгандай, иш-чара Кара-Мурза «Орусиянын Украинага каршы согушун айыптаган билдирүүлөрү үчүн мыйзамсыз камалгандан кийин Америкага кайтып барышынын урматына» уюштурулду.

Саясатчы, тележурналист, режиссёр, публицист, саясий туткун Кара-Мурза 2022-жылы кармалып, «мамлекетке чыккынчылык кылган, армия тууралуу фейк маалымат тараткан жана «туура эмес» уюм менен кызматташкан» деген айыптардын негизинде 2023-жылы 17-апрелинде катаал тартиптеги колонияга 25 жылга кесилген. Ал жаза мөөнөтүн Омск шаарындагы абакта өтөп жаткан.

Өзү жана тарапташтары ал саясий жана жарандык позициясы үчүн гана куугунтукка алынып жатканын белгилеп келишет.

Владимир Кара-Мурзага каршы кылмыш иши 2022-жылы апрель айында козголгон. Анын АКШда Аризона штатында Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү алдында сүйлөп жатып «орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо» деген мазмундагы сөзү Орусияда «саясий жек көрүүчүлүктүн айынан орус армиясы тууралуу фейк маалымат таратуу» деп бааланган. Ал Орусия Украинада согуш кылмыштарын жасап жатканын айткан.

Эл аралык Amnesty International укук корго уюму Кара-Мурзаны абийир туткуну деп жарыялаган, "Мемориал" уюму саясий туткун деп тааныган.

1-августта АКШ Орусиянын абактарында отурган айрым жарандарын, анын арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеваны бошотуп алган. Жети өлкөдө (АКШ, Германия, Польша, Норвегия, Словения, Орусия жана Беларус) абакта отурган жалпысынан 26 киши айырбашталган. Алардын 10у, анын ичинде жашы жете элек экөө Орусияга, 13ү Германияга, үчөө АКШга өткөрүлүп берилген. Айырбашталып, АКШга жөнөтүлгөндөрдүн бири Орусия жараны Владимир Кара-Мурза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG