Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Олжобай Шакирге чыккан өкүмгө каршы Жогорку сотко арыз берилди


Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга абакка кесүү боюнча Аламүдүн райондук сотунун жана аны күчүндө калтырган Чүй облустук сотунун чечимине каршы 5-августта Жогорку сотко апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган. Жазуучу чечимди “адилетсиздик” деп айткан.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган.

Прокурор сотто Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 2023-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG