Бишкекте мурдагы милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май районунун прокуратурасы соттун токтомунун негизинде камакка коюлган автоунааны мыйзамсыз чыгарып кеткен мурдагы милиция кызматкерине кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын 17-августтагы маалыматына караганда, Биринчи май райондук милициясынын Ч. Н. аттуу мурдагы тергөөчүсү кызматтык күбөлүгүн мыйзамсыз колдонуу менен кесиптешинин өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча камакка алынган “Lexus RX-350” үлгүсүндөгү автоунааны камактан чыгарып кеткен.

"Кылмыш иштин номерин, фабуласын жана башка маалыматтарды алып, унааны камактан чыгаруу тууралуу жасалма токтом жазып, тергөө кызматынын башчысынын атынан да расмий жолдомо катты жасалмалап, автоунааны камактан чыгарып кеткен", - деп билдирди прокуратура.

Бул факты боюнча райондук прокуратура мурдагы милиционерге Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") жана 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгоду. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Айыпталуучунун адвокаты жана жакындары азырынча комментарий бере элек. (ZKo)

Дагы караңыз

Маймыл чечеги алгачкы жолу Африкадан башка да аймакта катталдыОлжобай Шакирге чыккан өкүмгө каршы Жогорку сотко арыз берилдиБайден орусиялык оппозиционер Кара-Мурза менен жолуктуКрымдагы жарылуулардан улам Керч көпүрөсү бир нече саат жабык турдуЖаңы окуу жылынан тартып мектептердин тазалыгы окуучуларга жүктөлөт