Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Крымдагы жарылуулардан улам Керч көпүрөсү бир нече саат жабык турду


Крым. Керч көпүрөсү. 2024-жылдын июнь айы.
Крым. Керч көпүрөсү. 2024-жылдын июнь айы.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин курган Керч көпүрөсүндө жарылуу болушу ыктымал деген кооптонуудан улам 16-августка караган түнү андагы кыймыл убактылуу токтотулуп, төрт сааттан кийин кайра ачылды.

Крымды Орусиянын аймагы менен байланыштырып турган көпүрөнүн эки тарабында түнү менен топтолгон машиналар 2000ге жеткени кабарланган.

Аймактагы жарылуулардан улам Керч шаарынын айрым жерлеринде өрт чыкканын «Крымский ветер» Telegram-каналы жазды.

Орусия бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптоодо. Өлкөнүн Коргоо министрлиги Кара деңиздин үстүндө жана жээгиндеги суу астында украиндердин учкучсуз беш учагы жана экипажсыз эки катери жок кылынганын маалымдады. Украина орус тараптын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Көпүрө жабыркаганбы же жокпу, бул тууралуу да маалымат жок.

Авто жана темир жол салынган Керч көпүрөсүнүн узундугу 19 чакырымды түзөт. Аны Орусия 2018-жылы курган. Крымды орус бийлиги 2014-жылы аннексиялап алган. 2022-жылы Украинага кол салгандан бери бул көпүрө аркылуу өз аскерлерин камсыздоодо.

Керч кысыгындагы бул көпүрөнү Орусия Крым көпүрөсү деп атайт. Ал жерде буга чейин бир нече жарылуу болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG