Маймыл чечеги алгачкы жолу Африкадан башка да аймакта катталды

Mpox жуккан бала. Конго. Архивдик сүрөт.

Африкада эпидемияга айланган маймыл чечеги (Mpox оорусу) алгачкы жолу бул өлкөдөн тыш аймакта да катталды. Швециянын Саламаттык сактоо министрлиги денени калтырак басып, ыйлаакча каптаган бул инфекцияга чалдыккан киши ооруну Африкага барганда жуктуруп алганын, ага Стокгольм шаарындагы ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдады.

16-августта бул вирус Пакистанда да аныкталганы белгилүү болду. Reuters маалымат агенттиги Пакистандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып кабарлагандай, вирус табылган бейтап Перс булуңундагы өлкөлөрдүн биринен барган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) илдетке чалдыккандар Европа аймагында “жакынкы күндөрү” каттала башташы ыктымал экенин эскертти. Жакында аталган уюм Африкадагы Mpox эпидемиясын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган жана азыркы катталып жаткан штамм кооптуураак экенин белгилеген.

Быйыл жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында Mpox инфекциясы 14 000ден ашуун адамда катталды. 524 киши каза болду. Оору Борбордук Африка Республикасында, Кенияда, Руандада жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда.

2022-жылы ДСУ расизмге жана стигматизацияга каршы күрөшүү үчүн маймыл чечегинин анлисче аталышын "Monkey pox" деген сөздөн Mpox деп кыскартып, расмий жарыялаган. Оору, дарыгерлердин айтымында, теридеги бүдүр, кийим, төшөнчү жана биологиялык суюктук аркылуу жугат. (RK)

Дагы караңыз

Байден орусиялык оппозиционер Кара-Мурза менен жолуктуӨкмөт жайыттардын үчтөн бир бөлүгүн зыяндуу өсүмдүктөр басып кеткенин билдирдиКрымдагы жарылуулардан улам Керч көпүрөсү бир нече саат жабык турдуУкраина Курскиден качкандарды кабыл алууга даяр