Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Өкмөт жайыттардын үчтөн бир бөлүгүн зыяндуу өсүмдүктөр басып кеткенин билдирди


Суусамыр өрөөнүн каптап жаткан алтыгана.
Суусамыр өрөөнүн каптап жаткан алтыгана.

Министрлер кабинети 2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекитти. Деградация болгон жайыттарды жакшыртуу үчүн кабыл алынган программа климаттын өзгөрүү шартында жайыттарды сактоо, аларды натыйжалуу башкаруу аркылуу айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууну көздөйт.

Өкмөт ушул тапта өлкөдө жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып кеткенин билдирди. Анын ичинде тикенектүү алтыгана бадалы да бар.

Тиешелүү министрликтер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине иштин жүрүшү жөнүндө маалымат берип турат, ал эми министрлик жарым жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматты президенттин администрациясына жөнөтүшү керек.

Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9 млн гектар.

Соңку жылдары тоо арасындагы жайыттарды, жайлоолорду тикенектүү, жыш өскөн бадал – алтыгана каптай баштаган. Жылдан-жылга мындай бадал адырлардан өтүп, айдоо талааларды каптап, айылдарга чейин жетти. Ушундан улам мал оттой турган жерлер тарыган. (BTo)

XS
SM
MD
LG