Кыргызстан быйылкы жети айда коңшу Казакстан менен Орусияга мөмө-жемишти мурунку жылдарга караганда арбын сатып, экспорттоо көлөмүн көбөйттү. Жыл башынан бери бул өлкөлөргө 4616,6 тонна кулпунай экспорттолду. Бул өткөн жылга караганда 20,5% га көп. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги 16-августта билдирди.
Маалыматка ылайык, кожогат (малина) 1470 тонна сатылып, мурунку жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик 36,4% га өстү.
Кара карагат дээрлик 50% жакын көп сатылды, былтыр 94 тонна экспорттолгон болсо, быйылкы жети айда 150 тонна сатылды.
Кыргызстанда дыйкандар акыркы жылдары буудай, фасоль, картошка жана башка эгиндердин ордуна кулпунай, кожогат, карагат сыяктуу мөмө-жемиштерди арбын өстүрө башташты. Бирок дыйкандар быйыл мөмө-жемиштин баасы төмөндөп кеткенине нааразылыгын билдирип жатышат. (ZKo)