Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

ТИМ Түштүк Кореяда акчасын алдатып жиберген кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түштүк Кореяда көп суммадагы каражатын алдатып жиберген кыргызстандыктар тууралуу комментарий берди.

Мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги жабырлануучулар менен жолугуп иштин чоо-жайын териштирген. Анда бул өлкөдөн Кыргызстанга автоунаа, уюлдук телефон жана башка товарларды экспорттогон кыргыз жарандары көп суммадагы каражатын алдатып жибергени аныкталган.

Бирок алар ушул күнгө чейин Түштүк Кореянын укук коргоо органдарына арыз жазбаганы белгилүү болгон. Жолугушуунун жыйынтыгында жабырлануучулардын бири арыз берип, Анян шаарынын полициясынын кибер кылмыштарды иликтөө бөлүмү аны кароого кабыл алган. Элчилик Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигине жана укук коргоо органдарына бул ишти объективдүү жана ар тараптуу кароого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Түштүк Кореяда эмгектенип жүргөн ондогон кыргызстандык мигрант жакында эле “Азаттык” радиосунун “Мигрант медиа” долбооруна кайрылып, бул өлкөдө алдамчылыкка кабылышканын айтып кыргыз бийлигинен тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Алардын бири Кубан Алыбек уулунун айтымында, криптовалюталык ыкма менен эсебине которулган каражатты апрель айынан бери кореялык ишкер аркылуу накталай алып жүргөн. Бирок 29-майда жана 30-майда которулган 1 млн 252 миң 345 доллар анын колуна тийген эмес. Кореялык ишкер каражатты ташып келе жаткан өзбекстандык курьер орто жолдо акча менен кошо жок болуп кеткенин айткан. Ал кореялык ишкерге каршы арыз бергенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG