Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Ысык-Көл облусунда чагылган тийип 60 кой өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чагылган тийип болжол менен 60 кой кырылып калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 15-августта Тоң районунун Көлтөр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда болгон. Окуя болгон жерден тартылган видеодо чагылган тийген малдын жарымы күйүп кеткени айтылат.

Быйыл 7-июлда да Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз айылындагы Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган түшүп, 250 баш кой өлгөн. (BTo/AsK)

XS
SM
MD
LG