Министрлер кабинети 2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекитти. Деградация болгон жайыттарды жакшыртуу үчүн кабыл алынган программа климаттын өзгөрүү шартында жайыттарды сактоо, аларды натыйжалуу башкаруу аркылуу айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууну көздөйт.
Өкмөт ушул тапта өлкөдө жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып кеткенин билдирди. Анын ичинде тикенектүү алтыгана бадалы да бар.
Тиешелүү министрликтер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине иштин жүрүшү жөнүндө маалымат берип турат, ал эми министрлик жарым жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматты президенттин администрациясына жөнөтүшү керек.
Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9 млн гектар.
Соңку жылдары тоо арасындагы жайыттарды, жайлоолорду тикенектүү, жыш өскөн бадал – алтыгана каптай баштаган. Жылдан-жылга мындай бадал адырлардан өтүп, айдоо талааларды каптап, айылдарга чейин жетти. Ушундан улам мал оттой турган жерлер тарыган. (BTo)
Дагы караңыз
15-август: Экс-министр Кутманова уулу менен камакта калды, Курскиде Украина аскер комендатурасын түздү Укук коргоочулар Брюсселди тажик жаранын депортация кылбоого чакырууда Ош шаардык мэриясы мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир бердиӨзбек жана казак жарандарынын ортодогу чек арадан ID-карта менен өтүү мүмкүнчүлүгү каралуудаУкраина Орусиянын Курск облусунда комендатура түздүЭки жашар баланын өлүмү боюнча соттолгон чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылатМилиция Мирланбек Маратбек уулунун иши боюнча комментарий бердиУКМК уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосун түшүндүрдүКатарда Газа боюнча сүйлөшүү өтөт