Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Өзбек жана казак жарандарынын ортодогу чек арадан ID-карта менен өтүү мүмкүнчүлүгү каралууда


Өзбек-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Өзбек-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Казакстан жана Өзбекстан бири-биринин жарандарына мамлекеттик чек арадан ички жарандык күбөлүк менен өтүүгө уруксат берүүнү караштырып жатышканын бүгүн 15-августта «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек президентинин тышкы саясат маселелери боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камиловго таянып жазды.

УзА улуттук маалымат агенттигине жарыяланган макалада Камилов «Бүгүнкү күндө Өзбекстандын Борбор Азия мамлекеттери ортосундагы чек арасын достук жана ынак коңшулук көпүрөсү деп атаса болот. Муну 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынан ички документ (жалпы жарандык ID-карта) менен өтүү тартиби киргизилгени тастыктайт. Ушундай эле долбоор казак тарап менен да талкууланып жатат», - деп айткан.

Казакстан жана Өзбекстан ортосунда визасыз каттам эрежеси иштейт, бирок бири-биринин жарандары чек арадан өтүш үчүн чет элдик паспортун көрсөтүүгө милдеттүү.

Быйыл 9-августта Астанада өткөн Борбор Азия президенттеринин жолугушуусунда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев ID-карталарды өз ара таанууну жана «Бир тур — жалпы аймак» принцибине негизделген жапырт туристтик багыттарды иштеп чыгууну сунуш кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG