ТИМ АКШда сабалган кыргыз жараны тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Лос-Анжелес шаарында сабалып, буюм-тайымдары тонолгон кыргызстандыктын иши министрликтин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Мекеме бул тууралуу 14-августта маалымат берип, Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу кыргыз жаранынын сабалышы боюнча окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы айтылат.

Социалдык тармактарда Шайлообек Базарбай аттуу Кыргызстандын жаранын Лос-Анжелестин көчөлөрүнүн биринде өзүн бир нече өспүрүм ур-токмокко алып, автоунаасын талкалап, буюмдарын уурдап кеткени айтылган. Окуянын видеосу Интернетке тараган. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Бүбүйра Кыдыралиева кыргыз тарыхына чоӊ салым кошконун айттыФейсбукта бийликти сындаган Мирланбек Маратбек уулунун үйү тинтүүгө алындыПалестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас Анкарада Эрдоган менен жолуктуБерлин "Түндүк агымдагы" жарылуу боюнча украин жаранга издөө салды14-август: Бүбүйра Кыдыралиева дүйнө салды, Курскиде 100дөн ашуун аскер туткунга түштү