15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алды.
Милиция кызматкерлеринин анын үйүн тинтүү учурун Мирланбек Маратбек уулу Фейсбуктагы баракчасына түз эфирде көрсөттү. Анда өздөрүн Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү деп тааныштырган адамдар текшерүүгө Каракол шаардык соту токтом чыгарып бергенин айтып, ал токтомду көрсөтүштү. Токтомдон “Мирланбек Маратбек уулу Фейсбукта Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик материалдарды жайылткан” деп шек саналып жатканы жазылганын көрүүгө болот.
Мирланбек Маратбек уулу мыйзамга каршы эч кандай иштерди кылбаганын жана үйүндө тыюу салынган буюм-тайым, материалдар жок экенин айтты.
Милиция бул иш тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Мирланбек Маратбек уулу Фейсбукта бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып турат. 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко өзгөртүлгөн желекке байланыштуу макулдашылбай илинген туу боюнча күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып, прокуратурага бир нече жолу арыз жазган.
Кыргызстанда социалдык тармактарга жазган пост, пикирлери үчүн жоопкерчиликке тартылып, абакка кесилген окуялар буга чейин бир нече болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас Анкарада Эрдоган менен жолуктуБерлин "Түндүк агымдагы" жарылуу боюнча украин жаранга издөө салды14-август: Бүбүйра Кыдыралиева дүйнө салды, Курскиде 100дөн ашуун аскер туткунга түштүЖыл башынан бери 13 миңден ашуун киши кызамыкка чалдыктыОш облустук соту Тилек Матраимовго 300 миң сом айып пул чегергени белгилүү болдуТүркмөнстандагы жалгыз уюлдук оператор сим-карта сатууну токтотту