Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Түркмөнстандагы жалгыз уюлдук оператор сим-карта сатууну токтотту


TMCELL уюлдук операторунун көчө боюндагы жарнагы
TMCELL уюлдук операторунун көчө боюндагы жарнагы

Түркмөнстандагы "Алтын Асыр" жалгыз уюлдук оператору жаңы сим-карта сатууну токтотту. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

"Компаниянын кызматкерлери жаңы эле паспорт алып, сим-картага барган 16 жаштагы жарандарга бош номер жоктугун айтып, сатпай жатат", - дейт Ашхабаддын тургундарынын бири. Аты-жөнүн айтууну каалабаган жарандын сөзүнө караганда буга чейин сим-карта сатып алууну көздөгөндөр атайын кезекке туруп алышчу.

Түркмөнстандагы уюлдук байланыш системасы - "Алтын Асыр" былтыр жаздан тартып эле сим-карта сатууну чектей баштаган. Айрым кеңселерде адамдар бир жыл кезекке жазылган.

Ал эми июль айынын соңунда маалым болгондой, Өзбекстан менен чек аралаш жайгашкан аймактарда тартип коргоочулар рейд өткөрүшкөн. Алардын башкы максаты өзбек сим-карталарын колдонгон түркмөнстандыктарды табуу эле.

Бийлик чек арадагы аймактарда жашагандар өзбек сим-карталары менен Интернетти ээн-эркин колдонуп, көз карандысыз маалымат каражаттарын окуп, четтеги оппозициячыл топтор менен байланышат деп кооптонот.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн катарына кирген Түркмөнстан соңку жылдары жарандарынын маалымат алуусуна көзөмөлдү күчөтүп, өлкөдөгү кабарлардын сыртка чыгып кетүүсүн көзөмөлдөп, расмий бийликти сындаган чет жактагы билдирүүлөрдү блоктоп келет.

XS
SM
MD
LG