Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Жыл башынан бери 13 миңден ашуун киши кызамыкка чалдыкты


Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.
Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун маалыматына ылайык, 12-августка карай Кыргызстанда 13 076 адам кызамык илдетине чалдыккан. Акыркы айларда илдетке чалдыккандардын саны азая баштаган.

Мекеме оорунун басаңдаганына кызамыкка каршы эмдөөнүн активдүү жүргүзүлгөнүн жүйө келтирет. Маалыматка караганда, Таласта балдардын 91%, Ысык-Көл облусунда 86%, Нарында 76%, Баткен облусунда 72% эмдөөдөн өткөн.

Ошентсе да, кызамык жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Чүй жана Ош облустарында катталууда.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда быйыл кызамыктан (корь) эки жашка толо элек эки бала чарчап калды. Былтыр бул оорудан тогуз бала чарчап калган.

2023-жылы өлкөдө кызамык жуктурган 7 046 киши катталган.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелердин түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартканы түрткү болгонун белгилейт.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) колдоосу менен былтыр ири эмдөө өнөктүгүн баштаган. Вакцинациялоо быйыл да улантылып жатат.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык наристеден тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG