Берлин "Түндүк агымдагы" жарылуу боюнча украин жаранга издөө салды

"Түндүк агым" газ куурларындагы жарылуунун кесепети.

Германиянын Башкы прокуратурасы "Түндүк агым" газ куурларындагы жарылууга байланыштуу украиналык жаранды камоого ордер чыгарды. Бул тууралуу алгач жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Маалыматка караганда, эки жыл мурунку жардырууну уюштурууга дайвинг боюнча үч украиналык машыктууручу шектелип жаткан. Алардын арасынан бирөөнө - Владимир З аттуу жаранга гана камоого ордер чыгарылды.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал башкалар менен бирге жардыруучу затты газ кууруна орноткон.

Владимир З Варшаванын жака белинде жашары маалым болгон. Аны камоо тууралуу ордер Польша бийлигине берилген. Расмий Варшава бул маалыматты ырастап, шектүү Украинага кирип кеткенин кабарлады.

Владимир З өзү дооматтарды четке кагууда. "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын төрт түтүгүнүн үчөө 2022-жылы сентябрдын соңунда жардыруудан жабыркаган. Жардыруу ушунчалык кубаттуу болгондуктан 80 метрлик тереңдиктеги түтүктөр жөн эле чачырап кеткен.

Германиянын өкмөтү билдиргендей, украиналык жаранды издөө Киев менен Берлиндин алаксына эч кедергисин тийгизбейт.

"Түндүк агым-1" орус газын Германияга жеткирүүчү негизги куур болуп, көгүлтүр отун андан ары Евробиримдик өлкөлөрүнө бөлүштүрүлчү.

Дагы караңыз

Москва ЖККУга Курск облусундагы окуяларга байланыштуу кайрыла элек Түркияга киргендердeн манжа изи алынары кабарландыСырский украин армиясы Курск облусунда 100дөн ашуун аскерди туткунга алганын билдирди