Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Москва ЖККУга Курск облусундагы окуяларга байланыштуу кайрыла элек


Курск облусунда талкаланган орус армиясынын техникасы. 9-август, 2024-жыл.
Курск облусунда талкаланган орус армиясынын техникасы. 9-август, 2024-жыл.

Москва Курск облусундагы окуяларга байланыштуу Жаматтык коопсуздук жана келишим уюмуна жардам сурап кайрыла элек. Бул тууралуу аймактык уюмдун катчылыгы "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

"ЖККУнун жол-жобосуна ылайык, аскердик жардамга муктаж мүчө-мамлекет расмий кайрылышы зарыл. Курск облусундагы кырдаалга байланыштуу азырынча Орусия Федерациясы мындай кайрылуу жасай элек", - деп жазылат Катчылыктын жообунда.

Катка уюмдун баш катчысы кол койгон. Бул кызматты 2023-жылдан бери Имангали Тасмагамбетов аркалап келет. Ал 2017-2019-жылдары Казакстандын Орусиядагы элчиси болгон.

6-августта украин армиясы Курск облусуна кирип барганы кабарланган. 13-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский армиясы өз карамагына 74 калктуу конушту алганын билдирди. Ага чейин Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов 28 калктуу конуш украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин айткан.

Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмуна жардам сурап соңку ирет 2022-жылдын башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылган. Ал тополоңду "чет жактан келген террорчулар" уюштурганын айтып, жардам сураган.

Казакстанга ЖККУнун 2 миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барган.

XS
SM
MD
LG