Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Сырский украин армиясы Курск облусунда 100дөн ашуун аскерди туткунга алганын билдирди


Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Александр Сырский
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Александр Сырский

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский украин армиясы соңку бир суткада Курск облусунда жүздөн ашуун орусиялык аскерди туткунга алганын билдирди. Бул тууралуу ал президент Владимир Зеленский менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп жатып билдирди.

Зеленский буга чейин "жүздөгөн орус аскерлери украин армиясына колго түшүп бергенин, алардын баарына гумандуу мамиле жасаларын" айткан эле.

Сырский ошондой эле Курск облусунда кармаштар уланып жатканын, украин армиясы алдыга баратканын айтты.

"Соңку бир суткадан бери аскерлер ар башка багыттарда 1-2 чакырымга алдыга жылды. Сужада душманды издеп, жок кылуу операциясы аяктады", - деди Сырский.

Украин армиясы Курск облусуна кирип барган 6-августтан бери канча орусиялык аскер туткунга түшкөнү белгисиз. Алардын арасында армияга жаңы эле чакырылгандар да бар экени кабарланууда.

Украиналык мамлекеттик "Хочу найти" долбоору туткунга түшкөндөрдүн арасында жаңы эле армияга чакырылган 30 аскер да бар экенин билдирди. "Важные истории" басылмасы Курск облусунда жаңы эле армияга чакырылган 22 аскер дайынсыз экенин жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку бир суткада туткунга 18 орусиялык аскер түшкөнүн ырастады.

Зеленский 13-августта украин армиясы 74 калктуу конушту өз карамагына алганын билдирген.

Америкалык The Wall Street Journal басылмасы 13-августта Вашингтондогу өз булактарына таянып, Орусия Украинадагы аскерлеринин айрым бөлүктөрүн Курск облусуна жөнөткөнүн жазды.

XS
SM
MD
LG