Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Түркияга киргендердeн манжа изи алынары кабарланды


Түркияга киргендердeн манжа изи алынары тууралуу кабарды бул өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая жергиликтүү "Сабах" басылмасына айтты. Ал мындай эреже мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жараянынын бир бөлүгү экенин белгиледи. Бирок ал качан ишке кирери так айтылган жок.

"Ички иштер министри Йерликая келечек үчүн маанилүү долбоор жарыялап, Түркияга кирерде АКШ жана Британиядагыдай манжа издери алынарын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер мекемесинин жетекчисинин айтымында, манжа издери тууралуу талап өлкөдө убактылуу коргоо статусун алгандарга да тиешелүү болот. Йерликая ошондой эле бүгүнкү күндө Түркияда дээрлик төрт жарым миллион чет өлкөлүк расмий катталганын кабарлады. Алардын үч миллиондон ашыгы Сириянын жарандары.

Түркияда чет өлкөлүк качкындарга каршы маанай 30-июнда сириялык качкын жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөнү тууралуу жаңылык социалдык тармактарда тарагандан кийин башталган. Жүздөгөн киши көчөгө чыгып, качкындарга жана түрк бийлигине нааразылыгын билдирген.

Анда 474 жергиликтүү тургун кармалганы, алардын жарымы буга чейин түрдүү кылмыш иштерине аралашканы кабарланган.

Түркиядагы оппозициячыл партия мүчөлөрү бийлик миграция саясатын тыкыр көзөмөлгө алышы керектигин айтып келишет. Ал эми социалдык тармактарда өлкөдөгү качкындарга каршы маанай кескин күчөгөнү талкууланууда.

Өлкөнүн Миграция башкармалыгынын маалыматы боюнча мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалган чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө.

2005-жылы 57 428 мигрант мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалса, былтыр бул көрсөткүч 232 746га жеткен. Быйыл Түркиядан 126 766 чет өлкөлүк депортацияланган.

Ал эми ТИМдин быйылкы биринчи кварталга карата берген маалыматына ылайык, Түркияда 40 миңдей кыргызстандык жашайт. Мекеме кыргыз мигранттарынын саны 2022-жылкы көрсөткүчтөн кыйла азайганын билдирген. 2022-жылы Түркияда 62,2 миң кыргызстандык жаран консулдук каттоодо турган. Бир жарым жылда бул өлкөдөн 20 миңден ашуун киши чыгып кеткен. Буга Түркияда миграциялык мыйзамдардын катаалдашканы, айлык акынын азайганы түрткү болгону белгилүү. (ElB)

XS
SM
MD
LG