Кыргызстан жарым жылда алтын экспорттоону 16% көбөйттү

Кумтөрдө казылган алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 405 млн долларлык алтын сатылган. Бул былтыркы жарым жылдык экспорт көлөмүнөн 16% көп. Бул тууралуу "Тазабек" сайты Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып жазды.

Ага ылайык, быйылкы алты айда Кыргызстандан сыртка жалпы 5,7 тонна алтын экспорттолгон. Негизги сатып алуучу - Улуу Британия. Бул өлкөгө жарым жылда 2,8 тонна алтын 212 млн долларга сатылган. Кыргыз алтынын керектөөгө кызыкдарлардын бири - Кытай алты айда 1,8 тонна алтынды 129 млн долларга сатып алган.

Швейцария 63 млн долларга 900 кг сатып алса, ал эми Бириккен Араб Эмираттары 14 кг чукул алтынга 881 миң доллар төлөгөн.

Улуттук статистика комитети 2023-жылдын жыйынтыгын жарыялаган баяндамасында Бишкек былтыркы жылы чет өлкөлөргө 20 тонна 213,2 килограмм алтын сатканын, мунун наркы 1 млрд 284 млн 332,8 миң доллар болгонун билдирген. Алтындын көбү Швейцарияга кеткен. Мындан сырткары Бириккен Араб Эмираттарына, Кытайга жана Түркияга да сатылган.

Өлкөдө өндүрүлгөн алтынды негизинен Улуттук банк сатып алып, чет жакка экспорттойт. (ZKo)

Дагы караңыз

Лукашенко президентке коркунуч жараткандарды камоону сунуштадыОлимпиадага катышкан спортчуларга автоунаа, акчалай сыйлык берилди "Израил түрмөсүндө радикалдашкан". ХАМАСтын жаңы саясий лидери ким? Бишкекте белгилүү виртуоз Даниэл Лозаковичтин концерти болот УКМК Жалил Атамбаев менен Салайдин Айдаровдун кармалышы тууралуу маалымат бердиКамчыбек Ташиевдин бажасынын камактагы мөөнөтү узартылды