Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

УКМК Жалил Атамбаев менен Салайдин Айдаровдун кармалышы тууралуу маалымат берди


Салайдин Айдаров жана Жалил Атамбаев. Коллаж
Салайдин Айдаров жана Жалил Атамбаев. Коллаж

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) августтун башында кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен камакка алынган Жалил Атамбаев менен Салайдин Айдаров боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-августта тараткан маалыматка ылайык, алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Маалыматта Жалил Атамбаев милицияда жана башка жогорку кызматтарды ээлеп турган учурда ири суммадагы финансылык каражаттарды мыйзамсыз жолдор менен ээлеп алганы аныкталганы, кызматтан кеткенден кийинки бизнесине салынган капиталы мыйзамсыз алынганы жазылган.

"Ошол эле учурда А.Ж.С. өзүнүн бизнес империясын кеңейтүү максатын көздөп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери, 1-августта УКМК тарабынан издөө жарыяланган Салим Кыргызбаевич Абдувалиев (“Салимбай Байбатча”) менен жакын мамиледе болгон. Өз кезегинде С.Абдувалиев А.Ж.С.га колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берген, ал үчүн кыргыз ишкеринен эбегейсиз каражат алган. Мындан тышкары, кылмыш ишинин дагы бир фигуранты А.С.А., С. Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана анын "Мыйзамдагы ууру" К. Асанбек менен тыгыз байланышы бар экендигин билип туруп, Өзбекстанда жүргөн мезгилинде Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери С.Абдувалиевге ар тараптан сый-урмат көрсөтүп, А.С.А. Өзбекстан аймагында ишке ашып жаткан ишмердүүлүгүнө колдоо алып турган", - деп жазылган маалыматта.

УКМК учурда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштерин улантып жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров менен ишкер катары таанымал Жалил Атамбаевдин кармалганы 12-августта белгилүү болгон.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы алар Октябрь райондук сотунун чечими менен 4-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын билдирген. Экөөнө тен Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлган. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Кыргызстандын атайын кызматы 6-августта былтыр октябрда Бишкектеги атайын операцияда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыялаган.

2018-жылы Жалил Атамбаевдин экc-депутат Нургазы Айдаров жана "Салимбай байбача" деген каймана аты бар өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиев менен чогуу түшкөн видео тасма тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG