Камчыбек Ташиевдин бажасынын камактагы мөөнөтү узартылды

Камчыбек Ташиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин алдамчылыкка шек саналып кармалган бажасынын камактагы мөөнөтүн узартты.

Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 9-августта сот шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны 11-сентябрга чейин камакта калтырган.

Камчыбек Ташиевдин бажасы (А.Т.О.) Түркиянын жараны менен сүйлөшүп, жергиликтүү ишкерлерден көп суммадагы акча алган деген шек менен кармалганы июль айында белгилүү болгон.

Атайын кызматтын төрагасы 19-июлда Ош шаарынын мэриясындагы жыйында мыйзам бузгандар бийликте отурган адамдардын жакындары экенине карабастан жоопко тартыла турганын, кармалган шектүү бир тууган кайнежесинин күйөөсү экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Акжол Махмудов: 2028-жылы өтө турган Олимпиадага бүгүнтөн баштап даярданамОлимпиадага катышкан спортчуларга автоунаа, акчалай сыйлык берилди Президент Жапаров спортчуларды колдоо уланарын айтты Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” борборун сел каптадыПариж Олимпиадасына катышкан спортчулар Кыргызстанга келиштиБишкекте жаӊы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 850 чарчы метр аянты өрттөндүУТРКнын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалды