Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Президент Жапаров спортчуларды колдоо уланарын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров мамлекет спорт тармагын жана спортчуларды колдоону уланта берерин жана 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимп оюндарына даярдыкты азыртадан баштоо зарыл экенин айтты.

Бул тууралуу ал 13-августта Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Олимп оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу иш-чарасында билдирди. Президент мындан тышкары Париж Олимпиадасы коӊшу өлкөлөрдүн достук мамилесин чыӊдаганын кошумчалады.

“Париж Олимпиадасында тарыхы, тамыры бир, тили менен дили орток кыргыз, казак, өзбек күйөрмандарынын өз ара ынтымагы дүйнө жүзүнө даӊазаланганын айтпай кетүүгө болбойт. Спортчулардын чет жерде бири-бирине ылым санашып, тууган сезишип, жеӊиш сезимдерин бөлүшүп, көкүрөк тийгизип кучакташкан көз ирмемдери үч элдин эзелтен бери келаткан достук, тууганчылык, жакын коӊшулук мамилесин арттырды. Кыргыз, казак, өзбек элинин ынтымагы мындан ары да чыңдала берсин”, - деди президент.

Париж Олимпиадасында күмүш медал алган кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулун курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен чогуу өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов жарым финалга чейин секундант катары коштоп чыкты. Кыргыз мушкери финалда өзбекстандык Абдумалик Халоков менен чыккандыктан Акмал Хасанов секундант боло алган жок.

Бул Париж Олимпиадасындагы урунттуу окуялардын бири болду.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж ХХХIII Жайкы Олимп оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медал ойнотулду.

  • Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барып, алты медал менен кайтышты. Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде балбан кыз Мээрим Жуманазарова күмүш, 57 кг чейинки салмакта мушкер Мунарбек Сейитбек уулу да күмүш медал алды. Грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков коло алды. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова да коло медал утту.

Бул Олимп оюндарына андан тышкары дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских, грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта Амантур Исмаилов, эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмак ченинде Эрназар Акматалиев, 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу, кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмакта Айпери Медет кызы, эркин күрөштөн 125 кг салмакта Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова катышты.

Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи. Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган дүйнөлүк мелдеш болду. Кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло байге, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медал уткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG