Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” борборун сел каптады


Сел суусу каптаган “Рух Ордо” борборун тазалоо иши. 13-август, 2024-жыл.
Сел суусу каптаган “Рух Ордо” борборун тазалоо иши. 13-август, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 12-августтун кечинде нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, кокту-колоттордон келген сел шаардагы дүкөндүн, жети турак жайдын короосун жана Чыӊгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборун каптаганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 13-августта 46 куткаруучу “Рух Ордо” маданий борборун тазалап жатат. Жарандык коргонуу кызматынан эки инженердик техника тартылган.

“Рух Ордо” - Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ачык абадагы музей. Комплекс 10 чакан музейден турат. Ар түрдүү кол өнөрчүлүк буюмдары, ондогон айкелдер жана жүздөгөн сүрөттөр бар.

Сел суусу каптаган “Рух Ордо” борборун тазалоо иши. 13-август, 2024-жыл.
Сел суусу каптаган “Рух Ордо” борборун тазалоо иши. 13-август, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр декабрь айында “Рух Ордо” мамлекетке алынганын, туристтик-экскурсиялык борборду Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу Александр Сан мамлекетке өткөрүп бергенин билдирген.

ӨКМ быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 300дөн ашык сел жүрүп, акыркы 30 жылдын ичинде рекорддук чекке жеткенин билдирген. Өлкө 2024-жылдын алты айында табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.

Сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG