Париж Олимпиадасына катышкан спортчулар Кыргызстанга келишти

Парижде өткөн Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар 13-августта Кыргызстанга кайтып келишти.

Парижде өткөн Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар менен алардын машыктыруучулары жана дарыгерлер 13-августта Кыргызстанга кайтып келишти. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан туугандары, күйөрмандары жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тосуп алышты.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж ХХХIII Жайкы Олимп оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медал ойнотулду.

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барды. Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде балбан кыз Мээрим Жуманазарова күмүш, 57 кг чейинки салмакта мушкер Мунарбек Сейитбек уулу да күмүш медал алды. Грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков коло алды. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова да коло медал утту.

Бул Олимп оюндарына андан тышкары дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских, грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта Амантур Исмаилов, эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмак ченинде Эрназар Акматалиев, 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу, кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмакта Айпери Медет кызы, эркин күрөштөн 125 кг салмакта Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова катышты.

Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи. Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган дүйнөлүк мелдеш болду. Кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло байге, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медал уткан. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте белгилүү виртуоз Даниэл Лозаковичтин концерти болотHRW: Ооганстанда аялдардын укугу боюнча дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралды"Idel.Реалии": Украинадагы согушта Волга боюнан барган 17 миңден ашуун киши каза тапты Камактагы казак журналисти кезектеги ачкачылык акциясын баштадыУТРКнын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалдыИшкер Жалил Атамбаев уюшкан топту каржылаган деген айып менен камалдыЭкс-депутат Айдаров кылмыштуу топту каржылаган деген айып менен камалды Орусия Украинадагы атомдук станциядагы өрт толук өчүрүлгөнүн билдирди