Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Камактагы казак журналисти кезектеги ачкачылык акциясын баштады


Думан Мухаммедкарим. 2023-жылдын май айы.
Думан Мухаммедкарим. 2023-жылдын май айы.

Казакстанда "экстремисттик топту каржылаган жана тыюу салынган топтун ишмердигине катышкан" деп айыпталган журналист Думан Мухаммедкарим кайрадан ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 12-августта «Азаттыктын» казак кызматы анын адвокаты Галым Нурпеисовго таянып жазды.

Мындай айыпты журналист өзү жана тарапташтары саясий куугунтук деп атап келе жатышканына карабастан 2-августта сот аны жети жылга эркинен ажыраткан. Ачкачылыкты ал соттун бул чечимине нааразылыгын билдирип жарыялаганы белгилүү болду.

Эркин журналист жана активист Думан Мухаммедкарим Конаев шаарындагы ооруканага жаткырылганы 18-июлда белгилүү болгон. Адвокаты Галым Нурпеисов журналист ачкачылык кармап келаткандыктан ден соолугу начарлап кеткенин, доктурлар дарылоо он күндөй созуларын айтышканын кабарлаган. Жактоочунун айтымында, абакта отургандан бери активисттин салмагы 95 килограммдан 35ке түштү.

ND Youtube каналынын автору Мухаммедкарим күч органдарынын ага коюлган айыптарын саясий куугунтук деп атап келет. Укугу тебеленип жатканын айтып, нааразылыгын билдирип ал буга чейин да бир нече жолу ачкачылык жарыялган.

46 жаштагы журналист камакка былтыр алынган, ага кылмыш иши козголушуна мурдагы банкир, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов менен маеги негиз болгон. Аблязов негиздеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы Казакстанда “экстремисттик” деп жарыяланган. Европа парламенти аны “тынч оппозиция” деп атаган.

Соттук териштирүү быйыл 12-февралда башталган. Журналист тергөө абагында ырайымсыз мамилеге кабылганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG