Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

"Idel.Реалии": Украинадагы согушта Волга боюнан барган 17 миңден ашуун киши каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Волга боюндагы аймактарынан Украинадагы согушка жөнөтүлүп, ошол жакта каза болгондордун тизмесин өз алдынча түзүп келе жаткан "Idel.Реалии" алардын саны кеминде 17618 адамга жеткенин 12-августта жазды.

Соңку бир аптада эле (5-11-август) 15 аймактан 255 аскер кызматкеринин өмүрү кыйылганы маалымдалды.

Согуш башталгандан бери Волга боюндагы аймактар арасынан жарандарынан эң көп айрылган Башкыртстан экени белгиленди. Бул республикадан кеминде 2649 аскердин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Андан кийинки республика – Татарстан (2215 өлүм). Перм крайынан 1963 аскер каза болгону аныкталды.

"Медиазонанын" журналисттери Би-Би-Синин орус кызматындагы кесиптештери жана ыктыярчылар командасы менен бирге согушта каза болгон орусиялыктардын тизмесин түзүп келе жатышат. 2-августка карата бул тизмеге 61931 орусиялык кирген. Анда да жарандары эң көп каза болгон республика Башкыртстан – 2352 аскер кызматкери.

Журналисттер бул тизме чыныгы жагдайды чагылдырбай турганын, анткени ал ачык жарыяланган гана маалыматтардын негизинде түзүлгөнүн, өмүрү кыйылгандар кеминде эки эсе көп экенин белгилеп келишет.

Орусия Украинага каршы 2022-жылы февралда ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. Украин бийлиги орусиялык аскерлердин соккусунан жарандары курман болуп, социалдык инфраструктурасы кыйрап жатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG